Ысык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады
Жапаров: Кышында жарык өчүрүлбөйт, бирок… (видео)
15.09.2023 | 18:01
Кыргызстанда быйыл кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалым болгондой, быйыл кыштан чыгууга өлкөгө 17 млрд 400 млн кВ/саат электр энергиясы керектелет. Анын 3,2 млрд кВ/сааты Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россиядан импорттолот.
Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт жана электр энергиясы жетиштүү болот. Бирок авариялык учурда, чыңалуу жетпей калганда “жөнгө салуу чаралары” катары жарык өчүлүшү мүмкүн.
Жапаров кыргызстандыктардын баарын кышка камылга көрүүгө чакырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом