Нарын шаарынын 155 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Нарын шаарынын 155 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Бүгүн, 15-сентябрда Нарын шаарынын 155 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн.

Маараке Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта театралдаштырылган оюн-зоок жана “Нукура” фестивалы менен улантылган.

Иш-чарада облус башчысы Алтынбек Эргешов куттуктоо сөзүн сүйлөгөн.

«Бүгүн биз Нарын шаарынын мааракесин белгилеп жатып, сөзсүз артка кылчайып, анын бир жарым кылымдык тарыхын көз алдыбыздан өткөрүүдөбүз. Нарын шаарынын тарыхынын башаты батыш менен чыгышты байланыштырып, элдер менен маданияттарды байыткан Улуу Жибек жолуна барып такалат. Ушул шаар жайгашкан аймак бир кезде бийик тоолорду ашып, арып-азып келаткан кербендер үчүн социалдык багыттагы маанилүү жай болгону белгилүү.

Алгач Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы кыргыздардын аскер түйүнү катары негизделип, бара-бара соода-сатык, мал чарбачылыгы менен алектенген чакан айыл 155 жылдын ичинде 41 миңден ашык калкы бар облустук маанидеги калаага айланып олтурат.

Ушул мезгил мерчеминде Нарын шаарынын социалдык, экономикалык, маданий, инфраструктуралык жактан ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө нечендеген залкар инсандар салымдарын кошушкан. Алардын ар биринин эмгектери баалуу жана кайталангыс. Бүгүн да стратегиялык аймакта турган шаарыбыздын келечеги кенен», — деди ал.

Майрамдык иш-чаранын алкагында агартуучулардын, медайымдардын аллеялары, 1983-жылкы муундар тарабынан жасалган «Ынтымак» аллеясынын, балдар аянтчасынын, А.Чыңгышев атындагы сейил бактын, муниципалдык наабайкананын жана тигүү, жыгач цехтеринин ачылыш аземдери өткөрүлүүдө.

Маараке кечинде борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын чон программадагы концертик программасы менен жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ
Тэги: Нарын шаар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>