ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Жапаров: Улуттун башкы калысы “парламент”- деп билемин
22.12.2021 | 12:58
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бийликти мыйзамдуу өткөрүп берүүгө көпүрө болду. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйында билдирди.
Ал, “мамлекетте стабилдүүлүктү орноткон парламент болду. Деги эле Жогорку Кеңеш боюнча ойлорум абдан бийик. Улуттун башкы калысы “парламент”- деп билемин. Парламент – саясий айдыңда жүргөн баарыбыздын күчүбуздү курчутуп, тажрыйбабызды такшалта турчу чоң ордо болду. VI чакырылыш 2015-жылдын 4-октябрында келди. “Бир Бол” партиясы менен мен да депутат болуп келдим. 6-чакырылыш бир жыл ашыгы менен иш алып барды” – деди.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы бүгүн соңку жыйынын өткөрүп жатат. Эртең жаңы шайланып келген курам өз ишин баштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат