МСК салык системасындагы беш жылдагы топ-5 өзгөрүүлөр жөнүндө айтып бердиӨзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык кылган шектүү кармалдыMBANK’тан «Маниполия» боюнча жашыруун гайд: «Мани» упайларын оңой топтоп, «Байгелер дүкөнүндө» сарптоонун 3 ыкмасыКыргызстанда «ЭлКат» эл аралык интернет-трафиктин жалгыз оператору болдуГЭСтер курулууда, 95 ишкана ачылды: Нарында 9 айда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылдыКыргызстан Европа Кеңешинин № 108 Конвенциясынын Комитетинде байкоочу болду
Жапаров: Улуттун башкы калысы “парламент”- деп билемин
22.12.2021 | 12:58
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бийликти мыйзамдуу өткөрүп берүүгө көпүрө болду. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйында билдирди.
Ал, “мамлекетте стабилдүүлүктү орноткон парламент болду. Деги эле Жогорку Кеңеш боюнча ойлорум абдан бийик. Улуттун башкы калысы “парламент”- деп билемин. Парламент – саясий айдыңда жүргөн баарыбыздын күчүбуздү курчутуп, тажрыйбабызды такшалта турчу чоң ордо болду. VI чакырылыш 2015-жылдын 4-октябрында келди. “Бир Бол” партиясы менен мен да депутат болуп келдим. 6-чакырылыш бир жыл ашыгы менен иш алып барды” – деди.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы бүгүн соңку жыйынын өткөрүп жатат. Эртең жаңы шайланып келген курам өз ишин баштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат