Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Жапаров жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 30 миңге азайганын билдирди
24.10.2024 | 13:07
Кыргызстанда жакыр үй-бүлөрлөрдүн саны 30 миңге азайды. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
“Биз адамдарды жөн эле жөлөкпул алууга эмес, акча табууга үйрөттүк. 2022-жылы жакыр жашаган 111 миң үй-бүлө бар болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө чейин кыскарды. Бул максатта бюджеттин чыгашалары 25 млн долларды түздү”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом