Жапаровдун “өзгөрүлгөн” позициялары – видео

Жапаровдун “өзгөрүлгөн” позициялары – видео

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Жыйында парламент төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартаарын расмий билдирди. Муну менен өлкөнү убактылуу башкаруу Садыр Жапаровго жүктөлдү. Садыр Жапаров Кыргызстандыктарга негизинен Кумтөр кенин улутташтыруу маселеси менен белгилүү болгон саясатчы. Бирок 10-октябрдагы парламенттин жыйынында Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин айтып чыккан. Бул Жапаровдун кайсы бир маселелер боюнча позициясын өзгөрткөн алгачкы учур эмес. “Reporter.kg” порталы түрмөдөн чыгып-чыкпай өлкөнү жетектөөгө киришкен Садыр Жапаровдун позициясы өзгөргөн жагдайларды тизмектеди.

Кумтөрдү улутташтыруу убадасы

Садыр Жапаров буга чейин Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талаптары менен калың элге белгилүү болгон.

Парламенттин 10-октябрдагы жыйынында депутат Талант Мамытов ошол күнү премьер-министрликке сунушталган Садыр Жапаровдон Кумтөр боюнча позициясын сураган. Анда Жапаров Кумтөр кенинде алтын түгөнгөнүн айтып, мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок деп билдирген.

“Кумтөрдү сегиз жыл мурда алсак болот эле. Азыр кеч болуп калды. Анткени ошондо алтындын запасы көп болчу. Андан бери запасы калбай деле калды. Аны алыштын кажети жок. Андан көрө “Центерраны” аягына чейин иштетип бузулган тоолорду калыбына келтирүү туура болот».

 

Конституциялык реформа убадасы

Садыр Жапаров 10-октябрдагы басма сөз жыйынында Конституциялык реформа өткөрүү керектигин айтып чыккан. Жапаров ушул эле күнү жалгыз мандаттуу шайлоо боюнча да кеп козгогон.

“Бул система мамлекетке зыян келтиргенин мен өз көзүм менен көргөм, билем. Ошондуктан менин сунушум — бир мандаттуу парламент деп сунуш кылып жатам. Кудай буюрса, бир мандаттуу парламент болот деп турам. Анан президент болот, жаңы Конституция боюнча. Анан курултай системасын киргизебиз”, деген.

 

 

Бирок Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынына президенттин милдетин аткаруучу катары катышкан Жапаров Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болот деп билдирди.

Люстрация боюнча

Ал эми 14-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы “Садыр Жапаров люстрация жараянын тездетүү, мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматтарга жаңы кадрларды тартуу максатында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр боюнча чечимге кол койду” деген маалымат тараткан.

Анткен менен өкмөттүн курамында бир топ убакыттан бери бийликте жүргөн саясатчылар  басымдуу. Маселен, Улукбек Кочкоров, Руслан Казакпаев, Артем Новиков, Равшан Сабиров, Аида Исмаилова жана Садыр Жапаров өзү 2005-жылдан бери саясатта.

“Райымбек Матраимов камалат”

Садыр Жапаров 8-октябрда өкмөт үйүнүн алдындагы тарапташтары менен жолугушууда “Раим миллион” камалат. Мен азыр толук ишке киришие элекмин. Киришкенден кийин камалат деген.

Бирок Садыр Жапаров легитимдүү премьер-министр болуп шайлангандан кийин эле Раимбек Матраимовдун бир тууган иниси Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Ал эми Кыргызстандагы аткезчиликтин анабашчысы катары сыпатталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан сыртка чыгып кеткенин Жапаров 14-октябрдагы маалымат жыйынында билдирген болчу.

 “Матраимов боюнча менде маалыматтар жок. Такталбаган маалымат боюнча, “өлкөдөн чыгып кетти” деп жатышат. Муну “эртеси эле күнү чыгып кетти» деп мага маалымат жеткиришкен. Бирок мен билбейм. Аны чек ара кызматы жана башкалар билиши керек. «Расмий эмес, мындай чыгып кетти» деп айтып жатышат”.

 

Жапаровдун жогорудагы билдирүүлөрү коомчулукта популисттик кадам катары сыпатталууда. Ал парламенттик шайлоодон кийинки митинг учурунда тарапташтары тарабынан түрмөдөн бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>