Жапония Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго 10,3 доллар грант бөлүнүүдө

19.09.2025 | 09:44

Токио шаарында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) улук вице-президенти Кавамура Кэничинин жолугушуусу болду.

Жолугушууда тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.

Өзгөчө көңүл «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын окуу борборун куруу долбооруна бурулган. Бул долбоорду ишке ашырууга JICA тарабынан 1,5 млрд жапон йени (болжол менен 10,3 млн доллар) гранттык каражат бөлүнүүдө. Долбоор адистерди даярдоого жана энергия системасын пайдаланууда алдыңкы стандарттарды киргизүүгө арналган стратегиялык аянтча болуп калат.

Мындан тышкары жолугушууда Курпсай ГЭСин модернизациялоо маселелери каралган. Учурда аталган ГЭСте 3 млрд жапон йени (болжол менен 20 млн АКШ доллары) өлчөмүндөгү гранттык каражаттын эсебинен жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Министр ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга жапон тарапты катышууга чакырган.

Scroll to Top