Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Ошто кампадан чыккан өрткө 7 бөлүм тартылды
19.09.2025 | 09:30

Кечээ Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан кампада чыккан өрт саат 16:30да чектөөгө алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм, автошата жана штаб тартылган.
Учурда өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү такталууда.
ӨКМдин басма сөз борбору кошумча маалымат берилерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом