Кыргызстан менен Жапония ортосунда Ош шаарындагы оорукананы жана аталган калаадагы онкологиялык борборду заманбап техникалар менен камсыздоого багытталган 10 млн долларлык макулдашууга кол коюлду. Бул каражат гранттык негизде, кайтарымсыз түрдө берилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Макулдашууга кол коюу аземине тиешелүү демилгени көтөрүп, Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги менен бирге жигердүү иш алып барган Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, саламатыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин адамдык потенциалды өнүктүрүү департаментинин башчысы Сато Рие баштаган жетекчилер жана өкүлдөр катышты.
Саламаттыкты сактоо системасындагы инфраструктуранын өнүгүшү үчүн аталган макулдашуунун мааниси чоң экенин белгилеген депутат Талайбек Масабиров: “Кыргызстанда онкологиялык ооруга чалдыккан жарандарыбыздын саны арбын. Андыктан, аларды дарылоо үчүн борборубузда гана эмес, экинчи негизги калаабыз саналган Ош шаарындагы ооруканаларды заманбап техникалар менен камсыздоо учур талабы. Жапониялык өнөктөштөр менен кол коюлуп жаткан бүгүнкү макулдашуу керектүү медициналык жабдууларды алууга жардамчы болуп, оор илдетке чалдыккан мекендештерибиздин сакаюусуна өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин”, – деди.
Кошумчалай кетсек, кол коюлган макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында тиешелүү иштер башталып, июнь айында Жапониядан атайын миссия келет. Эске салсак, буга чейин да ушундай макулдашууларга кол коюлуп, учурда жүрөк хирургиясы жана маммология багыты боюнча керектүү медициналык жабдууларды орнотуу иши жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз