Жапонияда жүргүнчүлөрү менен токтоп турган саякат кеме карантинден чыкты

Жапонияда жүргүнчүлөрү менен токтоп турган саякат кеме карантинден чыкты

Коронавирустан улам Жапониянын Иокогама портунда эки жумадан бери топтоп турган «Diamond Princess» кемеси карантинден чыгарылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алгачкылардан болуп кемеден улгайган адамдар түшкөн. Алар журналисттердин  суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышкан. Буга чейин кемедеги коронавирус жуктурбаган жашы өтүп калган адамдар 19-февралдан баштап чыгарылары айтылган.

Белгилей кетсек, саякат кеме 3700 адамы менен 5-февралдан бери карантинде болчу. Бир адамдан башталган коронавирус 540 адамга жукканы белгилүү болгон.

Кемедеги коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар экени айтылган. Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги ага коронавирус жуккан деген маалыматты четке каккан.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 74 миңден ашып, 2004 адам жашоо менен кош айтышкан. Ал эми 14,4 миң бейтап сакайып чыкканын Кытай бийлиги айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>