Жапониялык ишкана Кыргызстандагы мектепте өзүнүн STEM долбоорун сынайт

09.10.2025 | 11:21

Жапониялык «Gakken Holdings» ишканасы Кыргызстандагы мектепте өзүнүн STEM багытындагы долбоорун сынайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, жапон-кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Тарутоко Шинжи жана «Gakken Holdings» билим берүү ишканасынын глобалдык бизнес бөлүмүнүн директору Кэнжи Момота менен жолугушкан.

Жолугушууда жапон делегациясы аталган ишкананын STEM багытында окутуу программасын сунуштаган. Өз кезегинде министр Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүү, мугалимдерди маалыматтык технологиялар жана робототехника багытында даярдоо жаатында кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген.

Тарутоко Шинжи STEM долбоорун пилоттук түрдө бир мектепте баштап, ийгиликтүү жыйынтык болсо, андан ары кеңейтүүнү сунуштаган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен жумушчу топ түзүп, пилоттук долбоорду ишке ашыруу чечимине келишкен.

Белгилей кетсек, «Gakken Holdings» Жапонияда билим берүү, медицина жана социалдык тейлөө тармактарында иш алып барган ири ишкана болуп саналат.

Scroll to Top