Жасалма интеллектке ээ Эрика аттуу робот кыз жаңы фантастикалык фильмде башкы ролду ойнойт. Бул актер катары робот ойногон алгачкы фильм болот деп жазат The Hollywood Reporter.
Бюджети 70 млн долларды түзө турган фильмди тартуу иштери башталган. Тасманы тартууну баштоонун алдында роботтун кыймыл аракети менен кулк-мүнөзү сценарийге ылайыкталып жасалып чыккан.
Белгилей кетсек, бул роботту эки жыл мурун жапониялык окумуштуулар Хироси Исигуро менен Кохей Огава жасап чыккан.