Баткенде сел жүрүп, Ош-Раззаков унаа жолу жабылдыТаласта дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза таптыОш шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандык адистер Кытайдын темир жол кадрларын даярдоо системасын үйрөнүүдөКундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө
“Алай” футболдук клубунун бир оюнчусунан коронавирус табылды
26.06.2020 | 09:21
“Алай” футболдук клубунун оюнчуларынын биринен коронавирус табылды. Бул маалымат клубдун “Фейсбуктагы” расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, кээ бир оюнчулардын дене табы көтөрүлгөндүгү байкалган соң текшерүү өткөрүлгөн.
“Эпидемиологиялык изилдөөнүн негизинде коронавирус илдетин бир оюнчу жуктуруп алганы аныкталды. Натыйжада аны менен тыгыз байланышта болгон команданын 20 оюнчусу 14 күнгө, А. Суюмбаев стадионунун жатаканасына, обсервацияга жаткырылды”, – деп жазылат мааалыматта.
Белгилей кетсек, “Алай” футбол клубу – Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана Кыргыз премьер-лигасындагы алдыңкы клубдардын бири. Клуб 1960-жылы түптөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт