Бишкекте 40 жаштагы жаран милиция кызматкерине 20 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-майда Бишкек ШИИБдин жетекчилигине милиция кызматкеринен билдирүү келип түшкөн. Анда тергөө иши учурунда жаштагы Т.П. аттуу жаран кылмыш ишинин оң чечилишине ортомчу болуп берүүгө милиция кызматкерине акча сунуштаганын билдирген. Аталган жаран күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз, контрабандалык жол менен ташып жүрүү фактысы боюнча айыпталып жаткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө, аталган шектүү милиция кызматкеринин кабинетинде 20 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Бишкек шаардык милициясы жарандардан кылмыш иштери же башка укуктук жоопкерчиликке байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кылып, милиция кызматкерлерине акча сунуштоодон баш тартууну өтүндү.
Эгер мындай мыйзамсыз аракеттер аныкталган учурда пара берген тарап Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесине (пара берү) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.