Калкты тейлөө борборлору дем алыш күнүнө карабай иштешет. Кыргызстандын жарандары даяр паспортторун барып алса болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында санариптештирүү министри Дастан Догоев билдирди.
Анын айтымында, паспорттун даярдыгын электрондук кызматтар порталынан тактаса болот. Ошондой эле министрликтин колл-борбору штаттык режимде иштеп жатат. Мындан тышкары, министр автоматташтырылган башкаруу системасынын техникалык мүчүлүштүктөрүнө токтолду.
«Эртең менен майда мүчүлүштүктөр болгон. Бул адамдык фактор болгон. Азыр шайлоо тилкелеринде бардык техникалар талаптагыдай иштеп жатат», — деди Дастан Догоев.