Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Жарандар бүгүн дагы даяр паспортторун ала алат
28.11.2021 | 13:11
Калкты тейлөө борборлору дем алыш күнүнө карабай иштешет. Кыргызстандын жарандары даяр паспортторун барып алса болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында санариптештирүү министри Дастан Догоев билдирди.
Анын айтымында, паспорттун даярдыгын электрондук кызматтар порталынан тактаса болот. Ошондой эле министрликтин колл-борбору штаттык режимде иштеп жатат. Мындан тышкары, министр автоматташтырылган башкаруу системасынын техникалык мүчүлүштүктөрүнө токтолду.
«Эртең менен майда мүчүлүштүктөр болгон. Бул адамдык фактор болгон. Азыр шайлоо тилкелеринде бардык техникалар талаптагыдай иштеп жатат», – деди Дастан Догоев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом