Жарандар медициналык укуктары жөнүндө биле алышат: «Саламаттыкка укук» санариптик кызматы ишке кирди

Эми жарандар өздөрүнүн медициналык укуктары жана кызматтар жөнүндө маалыматтарды «Саламаттыкка укук» санариптик кызматы аркылуу биле алышат. Кызмат «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. Бул тууралуу «Ынтымак Ордодо» өткөн аппараттык кеңешмеде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик кепилдиктер программасы киргизилген. Ал ар бир жаранды мамлекеттин эсебинен медициналык кызматтардын кепилденген көлөмү менен камсыз кылууга багытталган. Бул программа көптөн бери иштеп келе жатканына карабастан, ал иш жүзүндө натыйжалуу болбой жатат. Буга калктын маалыматы аз болгону жана маалымат алуу үчүн ыңгайлуу куралдын жоктугу себеп болгон.
Мындан улам «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында «Саламаттыкка укук» кызматы иштелип чыккан.
“Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган 5,2 миллиондон ашык жаран өздөрүнүн медициналык укуктары жана жеткиликтүү кызматтары жөнүндө жекелештирилген маалыматты тез жана оңой ала алышат.
Бул татаал документтерди изилдөө, буклеттерден маалымат издөө же адистер менен узак консультацияларды алуу зарылдыгын толугу менен жокко чыгарат, ар бир жаранга жооп эми бир мүнөттүн ичинде жеткиликтүү”,- деп билдирди өкмөт башчы.