Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөт
ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы пара алууга шектелип кармалды
16.12.2025 | 12:24

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган башчы 2024-жылдан тарта Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип келгени аныкталган.
“Акча чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган”,- деп билдирди атайын кызмат.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар ИИМинин башка кызмат адамдарын аныктоо жана тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар