Жарандарды 103 млн сомго сызга отургузуп кеткен делип үч жигит кармалды

Жарандарды 103 млн сомго сызга отургузуп кеткен делип үч жигит кармалды

Бишкекте жарандарды 103 млн сомго алдап кеткен деп шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-майда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, К.Д., М.Ш. жана А.А. аттуу жарандар 2015 жана 2018-жылы чыккан BMW Х-5 үлгүсүндөгү эки унаасын, 2023-жылы чыккан Lexus RX450 унаасын сатып алабыз деп алган. Андан кийин аталган үч унааны башка бирөөлөргө 138 миң долларга сатып, түшкөн акчаны өз кызыкчылыктарына коротуп салышкан.

Бул факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жашатгы Д.К., А.А. жана 19 жаштагы М.Ш. аттуу үч жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Укук коргоо органдары билдиришкендей, учурда кармалгандардын башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экени, анын айынан жарандарга 103 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(777) 03-15-15 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>