Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Эмгек министрлиги 5 айда 60 миңден ашуун ымыркайга сүйүнчү төлөдү
05.06.2024 | 11:45
2024-жылдын 1-июнуна карата, 60 миң 443 ымыркайга “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы республикалык бюджеттен 215,6 млн сом, анын ичинде 1,1 млн сом бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 21 балага төлөнгөн.
Министрлик ар бир бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгерде үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир балага 5000 миң сом төлөнөт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, январь-март айларында Кыргызстанда 34 миң 446 балага төрөлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом