Бишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштүБишкекте милиционерге кол салган адам кармалдыЖыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздүАюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады
Жарандык активист мамлекеттик кызматкерден акча талап кылууга шектелүүдө
20.03.2025 | 16:34
“Эко-Мир” коомдук бирикмесинин мүчөсү жана жарандык активист акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, М.Н. аттуу шектүү жогорку инстанцияларга арыз жазуу менен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин коркутуп, текшерүүлөрдү токтотуу үчүн алардан акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган. Ал укук органдарына кармалбаш үчүн акчаны уюлдук капчыктар («О!Деньги» жана «МБанк») алган.
Атайын кызмат билдиргендей, ал 13-мартта Ысык-Көлдүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкеринен 52 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар