Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов иш сапары менен Токиодо болду. Сапардын жүрүшүндө ал Япониянын авиация жана туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Негизги окуя JICAнын Финансылык кызматташтык департаментинин башкы директорунун орун басары Араки Язумижи менен жолугушуу болду. Тараптар Манас, Ош жана Ысык-Көл аэропортторунда аба кыймылын башкаруу системасын модернизациялоо долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Долбоордун алкагында Ош аэропортуна жаңы аэронавигациялык мунаранын курулушу жана инфраструктурасын жаңылоо каралган.