Жарлыкка кол коюлду. Күч түзүмдөрүндө иштегендердин пенсиясы көбөйтүлөт

Жарлыкка кол коюлду. Күч түзүмдөрүндө иштегендердин пенсиясы көбөйтүлөт

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсия чыккан жарандардын акчасы көбөйтүлөт. Тиешелүү жарлыкка 18-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Аскер кызматында, милицияда жана башка күч түзүмдөрүндө иштегендердин пенсиясы октябрь айынан тарта 10,8%га, орточо 1,8 миң сомго көбөйтүлөт. Жыйынтыгында алардын орточо пенсиясы 18,3 миң сомду түзүп калат. Ошол эле учурда пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткан кызматкерлерге акча кошулбайт.

Социалдык фонд Reporter.kg’ге билдиргендей, күч түзүмдөрүндө иштеген жарандардын пенсиясы өзүнчө мыйзам менен тескелип, республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Акчаны Каржы министрлиги бөлөт. Ал эми Соцфонд ал акчаны бөлүштүрүп гана берет. Каржы министрлиги кимге канча акча кошуларын эсептеп чыгып, каражатты бөлгөндөн кийин эле Соцфонд күз түзүмдөрүнүн пенсионерлерине акчаларын которот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>