Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жарым жылда 87 миңден ашуун айдоочулук күбөлүк берилди
13.08.2025 | 12:30

2025-жылдын 1-июлуна карата айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынакка 308 463 жаран катталган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Транспори каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров маалымдады.
Анын айтымында, алардын ичинен 48 531и экзаменден өткөн, 174 855и сынактан кулаган, ал эми 85 миңдей жаран таптакыр келбей калган.
Практикалык сынакка 123 470 адам катышып, алардын 50%ы ийгиликтүү тапшырган.
Жыл башынан бери жалпысынан 87 812 айдоочулук күбөлүк берилген.
Рубрики: Жаңылыктар