КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов К2 чокусун кычкылтексиз багындырды
13.08.2025 | 12:32

Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Пакистандагы 8 614 метр бийиктиктеги К2 чокусуна кычкылтек бактарын колдонбостон чыгып, тарыхый ийгилик жаратты. Бул тууралуу россиялык альпинизм клубу 7 Summits билдирди.
К2 — дүйнөдөгү эң кооптуу жана татаал чокулардын бири. Быйыл аба ырайынын начардыгынан көптөгөн экспедициялар чыгуу аракетин токтоткон. Кубатов июль айында базалык лагерьден жолун баштап, чокуга жеткен сейрек альпинисттердин катарына кирди.
Буга чейин ал Аннапурна жана Манаслу чокуларына да кычкылтексиз чыгып, Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Рубрики: Жаңылыктар