Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Жарым жылда Кытайдан Казакстанга 10,2 млрд куб суу келген
31.07.2025 | 10:34

Ушул жылдын алгачкы алты айында Казакстанга Кытайдан Иртыш дарыясы аркылуу 4,6 млрд куб метр жана Иле дарыясы аркылуу 5,6 млрд куб метр суу келди. Бул тууралуу Казакстандын Суу ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Иле дарыясы аркылуу келген суунун эсебинен Алматы облусундагы Капшагай суу сактагычы эки жыл катары менен толук толгон. Бул өз кезегинде Балхаш көлүнө 8,52 млрд куб метр суу агызууга мүмкүндүк берген.
“Натыйжада, 2025-жылдын башынан бери Балхаш көлүнүн деңгээли орто эсеп менен 32 сантиметрге көтөрүлүп, Балтика системасы боюнча 341,55 метрден 341,87 метрге жетти”,- деп билдирди аталган министрлик.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар