Бишкекте КРВИ чалдыккандар көбөйдү — Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы эскертүү бердиОш мэриясы аймактык башкармалыктарга жаңы унаалар тапшырдыКасымалиев шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартыларын билдирдиБишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалдыӨткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталды
Жаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалды
20.10.2025 | 10:15

Бишкекте жаш баланын өлүмүнө себеп болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя мурдагы күнү болгон. Өспүрүм башкарган унаа жөө өткөөлдөн өтүп бараткан баланы сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Социалдык тармактарда айдоочу буга чейин Мирлан Таалайбеков (Царикаев) тарабынан кармалган өспүрүм экендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок Кайгуул кызматы бул маалыматты төгүндөдү.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары боюнча тергөө иштери уланууда.