Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат

10.04.2026 | 11:42

Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде эстакадалык көпүрөсү бар транспорттук түйүн куруу пландалууда.

Мэриянын маалыматында, долбоорду ишке ашыруу үчүн 64 объект бузулат. Алардын арасында жеке менчиктеги жер тилкелери, муниципалдык жерлер жана Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан объектилер бар.

Мекеме курулуштардын жана жердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертмелер берилгенин билдирди. Ошондой эле мамлекеттик актылары бар жер ээлерине башка жер тилкелерин же акчалай компенсация сунушталган. Мэрия шаар тургундарын шаарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Азыркы тапта келишимдери токтотулган объектилерди демонтаждоо иштери башталган.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын I кварталында жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында 246 жеңил типтеги объект жана 152 капиталдык курулуш демонтаждалган.

Scroll to Top