Синтетикалык баңгизат деген эмне? Акыркы мезгилде Кыргызстанды тымызын аралап, өзгөчө жаштар арасында кенен жайылып жаткан баңгизаттын популярдуусу бул – спайс.
Спайс — түрдүү синтетикалык заттардан турган, чөп түрүндөгү кошулмалар.
Курамында марихуана бар болгондуктан, анын аналогу деген дагы божомолдор бар.
Белгилүү болгондой, баӊгизаттардын эӊ зыяндуу жана коркунучтуу түрүнө кирет.
Аны колдонгон адамдын башы ооруйт, кускусу келип, депрессияга учурайт. Ал тургай бийиктиктен учууну каалап, көп кабаттуу имараттардан боюн таштагандар катталган.
Спайсты көп колдонгондордун мээ клеткаларынын иштөө функциясы бузулат. Мындан сырткары жүрөк, боор, өпкө сыяктуу бир катар ички органдарды жабыркатып, көзүнө ар нерсе көрүнүп, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирет.
Синтетикалык баңгизаттын бардык түрүн бир колдонгондо эле ага болгон көз карандылык пайда болот. Азыркы синтетикалык заттардын кооптуулугу бул адамдын психикалык жактан жабыркаткандыгы.
Мына ушундай коркунучтуу кесепеттер менен коштолгон синтетикалык баңгизат Кыргызстанга да келип жетти.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда баңгизат колдонгон он миңден ашык киши каттоодо турат.
Республикалык наркология жана психиатрия бөлүмүндө 2025-жылдын 1-январына карата расмий түрдө 28 миң 820 адам алкоголго, ал эми 6 миң 668 адам баңгизатка көз каранды болуп катталган. Ал эми наркологиялык стационарда дарылангандардын саны өткөн жылы 10081 бейтапты түзгөн.
Бул болгону расмий каттоого алынгандар эле. Билинбегени канча? Кыйылган өмүрлөрчү?
Негизи эле баңгизаттын бардык түрүнүн адам өмүрүнө канчалык деңгээлде коркунучтуу экени маалым. Ал эми акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында кеңири жайылган синтетикалык баңгизаттар андан эки эсе коркунучтуу экенин адистер айтышат.
Белгилүү болгондой, мындан 10-20 жыл мурда укол менен кан тамыр аркылуу кабыл алган баңгизат гана бар болчу. Ал кезде азыркыдай баңгиликке азгырылгандар көп эмес эле. Өспүрүмдөр арасында азыркыдай көп колдонгон учурлар сейрек кездешчү.
Тилекке каршы, учурда синтетикалык баңгизаттары өтө жеткиликтүү болуп, өзгөчө жаштар арасында кенен жайылып кеткени өкүнүчтүү.
Бул нерсени адистер да тастыкташат. Алардын пикиринде, Кыргызстанда баңгизатты колдонгондордун басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.
Учурда Кыргызстандын көмүскө базарында героиндин бир грамм дозасы 1000 сомдун тегерегинде сатылып жатканы маалым болду. Ал эми спайстын баасы дозасына жараша 2 миң сомдон жогору экени маалым болду.
Аларды кантип сатып алышат?
Жашыруун интернет баракчалар аркылуу жарнама берилип, кардарлар буйрутма берет. Атайын жалданган курьерлер айтылган дарекке алып барып, бак-дарактардын, имараттардын белгилүү бир жерине катып кетишет. Курьерлер сүрөткө тартып алып, кардарларга жиберишет. Акчасын электрондук капчыктар аркылуу онлайн которушат. Мына ошол себептүү шаар ичинде өзгөчө кечкисин жер чукуп, белгисиз нерсени издеп жаткандарды кездештирүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын ИИМ министрлиги, УКМК жана башка укук коргоо мекемелери баңгизат менен күрөшүүгө болушунча аракет кылганы менен, баарын ооздуктоо мүмкүн болбой жаткандай.
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын маалыматында айтылгандай, 2022-жылы 4, 2023-жылы 9, 2024-жылы 17, ал эми жыл башынан бери 6 жаш өспүрүм ИИМ тарабынан аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. 2025-жылдвн 3 айында өлкөнүн бардык регионунда жалпы 815 түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүлгөн.
Дагы бир маанилүү маселе бул— өлкөдөгү мамлекеттик реаблитациялык борборлордун жоктугу.
Учурда республика боюнча 15 жеке реаблитациалык борбор бар. Бирок булар жеке борборлор болгондуктан, бейтаптарды кандай ыкма менен дарылап жатканы тууралуу ачык маалыматтар жокко эсе.
Ошондой эле жеке борборлордо баңги менен жабыркагандарды дарылоо 70 миң сомдон 100 миң сомго чейин турат. Албетте, буга баарынын эле чамасы жете бербейт.
Балдардын баңгизатка берилип кетиши эмнеден болууда?
Мунун негизги өзөгү ата-энелердин балага болгон көңүл коштугу жана көңүл бурбаганында дешет адистер.
Ата-эне бала менен сырдашып, көйгөйүг угуп, аны чечкенге жардам бериши керек.
Баңгизат колдонгон баланы кантип байкаса болот?
Көздөрү кызарып, өзүн адаттагыдан башкача алып жүрсө, сүйлөгөндө сөзүнүн мааниси жок болсо бул ата-энеге алгачкы коңгуроо.
Өспүрүмдүн алакандары бат тердейт, өңү боз тартат. Каректери чоңойуп, денеси кычышат. Кыймылы өзгөрөт. Көп сүйлөп бир орунда тура албай, таттуу азыктарды көп жеп калат. Арыктап, чүнчүп, колдорунда ийне тактарынын изи болот.
Жыйынтыктап айтканда ар бир чоң адам коомдо болобу же үйдөбү өспүрүмдөргө көңүл буруп, терең маани берип, жардамга муктаж болсо кол сунуп келечекке болгон кайдыгерлик эмес, камкордук менен олуттуу мамиле жасоого милдеттүү.