Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары менен санкция, миграция маселелерин талкуулады

29.09.2025 | 16:58

Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолугушту. Бул тууралуу билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин талкуулап, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү багытында биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин билдиришкен.

Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап АКШдан инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирген. Өз кезегинде, америкалык тарап өз ара кызыкчылыктарга жооп берген багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын белгилеген.

Тараптар ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелерди карап чыгышкан. Жээнбек Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгын жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Scroll to Top