Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кыргызстан менен Беларусь 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландады
29.09.2025 | 16:56

Бүгүн Кыргызстандын жана Беларустун өкмөт башчылары товар жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 500 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча жол картага кол коюшту.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү болжол менен 133 млн долларды түзгөн.
Кыргызстандын министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-беларус мамилелеринин негизинде достук жана көп жылдык байланыштар жатканын баса белгиледи.
Кыргызстан:
- Беларус айыл чарба техникасын чогултуучу ишканаларды ачууга,
- мал чарбачылыгы жана ветеринария багытында тажрыйба алмашууга,
- туризм тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экени айтылды.