Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулашты

Бүгүн, 2-апрелде, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуягды анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Анын ичинде эки өлкө ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси, ошондой эле жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлардын графиги каралды. Мындан тышкары жолугушууда өнөр жай долбоорлорун илгерилетүү, анын ичинде «Касиет» камвол-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү боюнча кадамдар талкууланды.
Министр Жээнбек Кулубаев монгол делегациясын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Содном Ганхуяг кыргыз-монгол мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.