Жээнбеков: Мамлекеттин келечеги балдарды мыкты тарбиялоодон башталат

Жээнбеков:  Мамлекеттин келечеги балдарды мыкты тарбиялоодон башталат

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды  1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө башчы куттуктоо сөзүндө, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомубуздун да милдети экенин баса белгилеген.

[su_quote cite=»деген президент.»]Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек. Мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталат.  Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында   үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо —  мамлекеттик саясаттын туруктуу түрдөгү артыкчылыктуу багыты катары аныкталды,  [/su_quote]

Мамлекет башчысы балдарга чың ден-соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>