Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан куттуктоодо Жээнбеков Жаштарды — коомду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы катары белгилеп өткөн.
“Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүрүп келесиздер. Жаштардан жаӊы идеяларды күтөбүз, инновациялык долбоорлорду колдойбуз, жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасын улантабыз”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.