Жээнбековдун макамын алуу боюнча кол топтоо дээрлик аяктап калганы айтылды

03.06.2024 | 09:18

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттардан кол топтоо аяктап калганын билдирди. Бул тууралуу ал 27-майда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты:

“Президент, премьер-министр болуп отургандагы (ред: Сооронбай Жээнбеков) мыйзам бузууларын тактап, кагаздардын баарын топтоп атабыз. Кол топтоо иштери бүтүп калды. 2020-жылы пандемия учурундагы келген каражат жана ал киши премьер-министр болуп турганда Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кагаздарды топтоп бүтүп калдык”, – деди ал.

Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген.

https://reporter.kg/deputattar-sooronbaj-zheenbekovdu-makamynan-azhyratuu-ychyn-kol-toptoodo/

Scroll to Top