Биз кыргызстандагы дүжүр, киллер, буйрутма менен иштеген тергөөчү, опер, сот, прокурорлорду жоопко тартмайын ар бир келген президентти ажыдаарга айланта беребиз. Мындай пикирди депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештеги Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча каралып жаткан жыйында айтты.
“Эки револиция болуп билик алмашты. Бирок ошол эле буйрутма прокурор, сот, тергөөчүлөр иштеп жатат. Президентерди ажыдаарга айлантпоо үчүн ошолордон баштоо керек”, — деди депутат