Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Жеңиштин 80 жылдыгына карата 40 млн сомго сериал тартуу пландалууда
26.02.2025 | 09:20
Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” мекемеси Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата тарыхий көркөм сериал тартууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тасма 8 сериядан туруп, ар биринин узактыгы 45-50 мүнөттөн болушу керек. Жеңиштин 80 жылдыгына арналып тартылган тасмада фашисттик баскынчыларга каршы согуштагы кыргызстандык жоокер аялдардын эрдиги чагылдырылышы керек. Аны тартууга 40 млн сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 5-мартка чейин кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы