Жер титирөөдө коопсуздук куржунун даяр кармоо зарыл — ӨКМ эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жер титирөөгө даяр болууга жана коопсуздук куржунун (“тревожный чемодан”) ар дайым даяр абалда кармоого чакырат.
Министрликтин маалыматына ылайык, коопсуздук куржунуна төмөнкү нерселерди салуу сунушталат:
- Документтердин көчүрмөсү жана акча каражаты;
- Алгачкы жардам аптечкасы;
- Жай мезгилинде 5–6 литр, кыш мезгилинде 3–4 литр суу;
- Консерва жана жогорку калориялуу азыктар;
- Гигиена каражаттары;
- Запастагы кийим, бут кийим жана жууркан;
- Радио, батарейка, уюлдук телефон үчүн кубаттагыч (PowerBank), фонарик жана ышкырык.
Куржундун ичинде үч күнгө жетчү суу, азык-түлүк жана дары-дармек болушу зарыл. Ошондой эле байланыш үзүлгөн учурда куткаруучулар жардам көрсөтө алышы үчүн жакын туугандардын дареги менен телефон номерин, жакын жайгашкан медициналык пункттардын дарегин жазып коюу сунушталат.
Үйдү жер титирөөгө дайындоо:
- Эмеректерди дубалга бекем бекитиңиз, алар керебетке же эшикке кулап түшпөсүн.
- Күзгү, сүрөт, саат сыяктуу буюмдарды коопсуз илгичке бекемдеңиз.
- Текчелердеги оор буюмдарды ылдыйкы деңгээлге түшүрүңүз.
- Керебетти терезеден алыс жайгаштырыңыз, люстраларды шыпка бекем орнотуңуз.
- Күйүүчү жана жегичтүү суюктуктарды бекем жабылган абалда сактаңыз.
- Электр буюмдарын дубалга бекем орнотуңуз.
Жер титирегенде аткарылуучу 10 кадам:
- Тынч болуңуз, дүрбөлөңгө түшпөңүз.
- Лифт же тепкичти колдонбоңуз.
- Эмеректерден, терезелерден жана люстралардан алыс болуңуз.
- Баш калкалоочу жай таап, башыңызды колуңуз менен жаап алыңыз.
- Титирөө токтогондон кийин гана имараттан чыгыңыз.
- Үйдөн чыгар алдында суу, газ жана электр энергиясын өчүрүңүз.
- Коопсуздук куржунун алыңыз.
- Электр зымдарынан, имараттардан жана бактардан алыс болуңуз.
- Кайталанган силкинүүгө даяр болуңуз.
- Балдарга, кары-картаңдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам бериңиз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет: эгер адам урандылардын алдында калып калса, өз алдынча чыгууга аракет кылбоо керек. Куткаруучулар келгенге чейин үн же жарык аркылуу белги берүү сунушталат.
Жабырлануучуну жылдыруу мүмкүн болбосо, анын абалына зыян келтирбөө үчүн куткаруучуларды күтүп туруу зарыл.