Жетим-Тоо темир кенинде чалгындоо иштери жүрүүдө

15.11.2024 | 09:20

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинде чалгындоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Кыргызстан өзүн цемент менен толук камсыз кылганын, эми темир менен камсыз кылыш керектигин, ал үчүн Жетим-Тоо жана башка кендерде чалгындоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

“Кыргызгеология” тарабынан Жетм-Тоо жана башка кендерде чалгындоо иштери жүрүп жатат. Биз металлды өзүбүздүн республикада чыгарышыбыз керек”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Жетим-Тоодо 3төн 10 млрд тоннага чейин темир бар деп айтылып келет.

Scroll to Top