Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Жириновский өлдүбү? Уулу жооп берди
25.03.2022 | 16:11
Орусиянын саясатчысы Владимир Жириновский 75 жашында каза болду деген маалыматтарды орус басылмалары жазып чыккан. Ал эми Жириновскийдин уулу атасынын өлүмү тууралуу маалыматты четке какканын Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.
«Владимир Жириновскийдин өлүмү тууралуу маалыматты кескин түрдө жокко чыгарабыз. Бул 30 жылдан бери либералдык-демократиялык партиянын лидери тууралуу калп айтуудан башка эч нерсе кылбай келген «желтый» прессанын ыплас провокациясы. Бир саат мурун дарыгерлер Владимир Волфовичти пландуу процедурага жөнөтүштү. Анын абалы туруктуу. Анын ден соолугунда эч кандай терс өзгөрүүлөр жок!”, – деп жазган ЛДПР фракциясы Жириновскийдин телеграмм каналында.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар