ЖК Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүүгө кол топтоодо. Анын ордуна ким сунушталып жатат?

ЖК Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүүгө кол топтоодо. Анын ордуна ким сунушталып жатат?

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүү үчүн кол топтоп жатышат. Маалыматты парламент депутаты Дастан Бекешев тастыктады.

«Ооба бул чындык. КСДП фракциясы бул боюнча чечим даярдап жатат, анын ордуна социалдык саясат боюнча комитетти жетектеген Гүлкан Молдобековага алмаштыруу пландалууда. Жалпысынан мамлекеттик кызматтан көтөрүлгүң келсе, ишенимдүү, узак өмүр сүргүң келген депутат болгуң келсе, барына бирдей карашың керек», — деди эл өкүлү.

Гүлкан Молдобекова 2015-жылы КСДП саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда ал Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>