ЖК комитети эки депутатты кайым айтыштырган мыйзамды 3-окууда жактырды

ЖК комитети эки депутатты кайым айтыштырган мыйзамды 3-окууда жактырды

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков иштеп чыккан. Алар аталган мыйзамда чет элдик жарандарга Ысык-Көлдөгү рекреациялык объекттерди (имарат) менчикке сатууга уруксат берүү каралганын, аларга имарат гана сатыларын, анын алдындагы жер ижарага берилерин билдирип келет.

Бирок бул мыйзамга депутат Султанбай Айжигитов каршы чыгып, аталган документ чет элдик жарандарга имаратты гана эмес, жерди да сатууга жол ачыларын айтууда. Бирок мыйзамдын демилгечилери анын айткандарын четке кагууда.

Эскерте кетсек, 27-майдагы комитеттин жыйынында бул мыйзам долбоорунун айынан депутаттар Султанбай Айжигитов менен Балбак Түлөбаев кайым айтыша кеткен.

«Өлкөнү сатып жатасыңар», «Сотто жооп бересиң». Парламентте эки депутат кайым айтышты (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>