Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
ЖК төрагасы 14 балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды
16.06.2025 | 17:41
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жеке каражатына сатылып алынган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын он төрт балалуу Майрамбек Алыбаевге өз үй бүлөсүнүн атынан тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Нурланбек Тургунбек уулу азыркы тапта калктынын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеген.
“Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүбүз кажет. Себеби, биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ”, – деген ЖК төрагасы.
Ошондой эле ал балдар бир ата-эненин гана эмес, жалпы мамлекеттин келечеги экенин баса белгилеп, Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалаган.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар