ЖК төрагасы Кытай парламентинин төрагасы Чжао Лецзи менен жолукту
Кечээ, 23-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапар менен келген БКЭӨЖнин Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лецзи менен жолугушту.
“Ала-Арча” резиденциясында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык, саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери каралды. Тургунбек уулу кыргыз-кытай алакасы кылымдарга созулган терең тарыхы бар экенин белгилеп, дипломатиялык байланышка 33 жыл толгонуна карабай, эки элдин мамилеси мындан да терең экенин баса белгиледи.
Жогорку Кеңеш төрагасы буга чейин өзү Кытайга болгон сапарында жана президент Садыр Жапаровдун Пекинге болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган келишимдерди ишке ашырууда парламенттердин активдүү ролу зарыл экенин белгиледи. Айрыкча, 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 45 млрд долларга жеткирүү максаты белгиленгени айтылды.
Ошондой эле, Тургунбек уулу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы эки тараптуу байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарганын белгилеп, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, студенттер үчүн билим берүү квоталарын көбөйтүү демилгесин көтөрдү.
Чжао Лецзи кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду — айрыкча экономика, айыл чарба, экология, энергетика, санариптештирүү жана тоо-кен тармагында — ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.