Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысыЭми чет өлкөлүктөр Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болотКыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салындыMBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулатТеректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айттыАгрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылат
Комуз белекке берилди. Садыр Жапаров менен Монголия Президенти “Рух-Ордого” барышты
24.07.2025 | 08:44
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты.
Жогорку даражалуу конокторду маданият министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, этнокомплекс жана музей тууралуу экскурсия өткөрдү. Мамлекет башчылары “Кыргыз айылы” этнокомплексин жана Ысык-Көл жээгиндеги ачык асман алдындагы музейди көрүп чыгышты.
Иш-чара соңунда Садыр Жапаров ардактуу конокко улуттук аспап — комуз белекке тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат