«Тест татаал түзүлгөн»: ЖК депуттары Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрүштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегация менен Москвага барып, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Ал чет өлкөдөгү жарандардын көйгөйлөрүн угуп, бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынарын билдирди.
Ошондой эле төрага менен депутаттар Москва шаарындагы «Марьина Роща» мектебине барып, эмгек мигранттарынын балдарын мектепке кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөө менен таанышышты.
Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгына көңүл бурушуп, аларды мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча сунушташты. Ошондой эле балдарга бериле турган тесттен өтүп көрүштү.
«Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет», – деди Марлен Маматалиев.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билим деңгээлин баалоо процедуралары билим алууга тоскоолдук жаратпашы керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, төрага менен биргеликте Москвага Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Гүлнара Баатырова, Гуля Кожокулова, Гульнара Акимбаева, Жумабек Салымбеков, Айгуль Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева, ошондой эле санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов барды.
Расмий сапардын алкагында Марлен Маматалиев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.