Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Казакстанга расмий сапары башталды
10.06.2025 | 12:11
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Казакстан Республикасына расмий сапары башталды.
Сапардын жүрүшүндө спикер бир катар маанилүү жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо.
Сапардын негизги окуясы болуп Жогорку Кеңештин Төрагасы Эрлан Кошанов менен эки өлкөнүн Парламенттер аралык кеңешинин форматында биргелешкен жолугушуу болот. Мындан тышкары Нурланбек Тургунбек уулу Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин ишине катышып, уюмдун XIV пленардык жыйынына катышат.
Сапардын алкагында парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр да пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар