ЖК төрагасы: Парламентти таратуу боюнча келтирилген жүйөлөр негиздүү

17.09.2025 | 11:40

Бүгүн, 17-сентябрдагы, Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу VII чакырылыштагы парламентти таратуу боюнча депутаттардан демилге келип түшкөнүн, аталган сунуш жалпы депутаттардын кароосу менен чечилерин билдирди.

Анын айтымында, парламентти таратууга сырткы күчтөрдүн, президенттин же аткаруу бийлигинин мыйзамдык укугу жок, ал эми парламент өзүн-өзү гана тарката алат.

«Депутаттар тарабынан атайын демилгечи топ түзүлүп, парламентти таратуу сунушун жүйөлүү себептер менен негиздеп, менин атыма кайрылууну киргизишти. Аталган кайрылууга 32 депутат кол койгон экен. Анын негизинде тиешелүү тапшырмаларды бердим, учурда керектүү иштер жүргүзүлүп жатат», — деди спикер.

Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу демилгечи топтун парламентти таркатуу боюнча жүйөлөрү негиздүү экенин билдирген. Анын айтымында, келерки парламенттик жана президенттик шайлоолордун катары менен өтүшү бир катар маселелерди жаратат.

«Чоң маанидеги негизги шайлоолордун катар-катар өтүшү саясий жактан да, экономикалык жактан да бир топ маселелерди жаратат. Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн да техникалык эле эмес, физикалык жактан дагы оор болору белгиленген. Андыктан демилгечи топтун келтирген бул жүйөлөрү туура деп эсептейм», — деп билдирди төрага.


Scroll to Top