Айрым аймактарда жаан жаайт: 15-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу маселесин талкууладыНарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга берди
Ылдамдыкты азайтышпайт. Бишкектин тургуну Салиева көчөсүндө жасалма дөңсөөлөрдүн жоктугуна нараазы
17.09.2025 | 11:36
Бишкек шаарынын тургуну Ленин проспектисинин (Салиева көчөсүнүн уландысы) Калинин көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөңсөөлөрдүн жоктугуна нааразы болууда. Анын айтымында, бул чоң тилкеде болгону бир гана дөңсөө коюлган. Ал эми көптөгөн жөө өтмөктөрдө ал таптакыр жок.
Аялдын айтымында, аталган тилкеде жасалма дөңсөлөрдүн жоктугунан улам айдоочулар жөө адамдарга жол бербей, айрым учурларда адамдарды унаа сүзгөн учурлар да болгон. Унаалар ылдамдыгын азайтпагандыктан балдар жолдон өтүүдөн коркушат.
Бишкек тургуну бийлик өкүлдөрүнөн жөө адамдардын жана окуучулардын коопсуздугу үчүн ал жерге жасалма дөңсөөлөрдү орнотууну суранууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом