Жогорку Кеңеш абактардагы 1000ден ашык адамга мунапыс берүүнү демилгеледи

Жогорку Кеңеш абактардагы 1000ден ашык адамга мунапыс берүүнү демилгеледи

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу камактагыларга мунапыс берүүнү демилгеледи. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде өткөн парламенттик жыйында буга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров белгилегендей, мыйзам долбоору Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Элдик Апрель революциясынын каармандарынын урматына. Ошондой эле курман болгондордун элесине таазим кылуу максатында белгилүү бир категориядагы адамдарды жазыктык жазадан бошотууга жана жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартууга багытталган.

Мыйзамдын долбоору менен төмөдөгү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотуу каралган:

— 60 жашка чыккан жана андан ашкан эркектерди, ошондой эле 55 жашка чыккан жана андан ашкан аялдарды;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;

— жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;

— анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды.

Ал эми жазаларды аткаруу мекемесинин өкүлү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта 9,5 миң эркиндигинен ажыратылган жарандын 237си биринчи берене боюнча мунапыс аларын маалымдады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>